Бахаи келмелери

Kırgızca – Qırğız dili – Кăркăс чĕлхи- Қырғыз тілі- Кыргыз тили -Qirgʻiz tili – Qırğız tili – Кыргыз тыла – Кыргыз теле – قىرغىز تىلى

 

Кыйынчылыктардан Кудайдан башка ким куткарат? Айт: Кудайга даңкт! Ал Кудайдын өзү! Бардыгы Анын кулдары жана бардыгы Анын буйругун аткарат.

a

О, Кудай, мени жетекте, мени сакта, мени жарык чырак жана нуру төгүлгөн жылдыз кыл.
Сен Күч-кубаттуусун жана Күчтүүсүң

a

О, Кудай айланайын Кудайым! Адилеттүүлүктүн таажысы менен менин башымды
жасалгала, ал эми менин маңдайымды саймасы менен саймала. Сен, акыйкатында, бардык
белектердин жана марттыктын Ээсисиң.

a

Айт: Кудай баарына берет, жана бардыгынан жогоруу турат. Кудайдан бөлөк эч ким: көктө
да, жерде эч нерсе бербейт. Акыйкатында, Күч берүүчү, Бардыгынан күч-кубаттуу, Ал өзүн
өзүн башкарат.

a

Кудайды эскер алып Аны даңазалаган: үй болобу, жай болобу, өрөөн болобу, жер болобу,
деңиз болобу, арал болобу, шалбаа болобу- бардык жайлар бакыйбатта болот

a

О, Кудай! Ушул наристени Сенин сүйүүңдүн кучагында өстүр жана Сенин Кудуретиңдин
эмчегинен чыккан сүттөн бер. Ушул жаш өсүмдүктү Сенин сүйүүңдүн розалуу багында
асыра жана Сенин жоомарттыгыңдын нөшөрү менен ага өсүүгө жардам бер. Аны
бейпилчилигиңдин баласы кыл жана аны Сенин бейиш ээлигиңе жетеле. Сен Күч-
кубаттуусуң жана Жагымдуусуң, Сен Сыйкорсуң, Айкөлсүң, эң сонун Ак көңүлдүүлүктүн
Теңирисиң.

a

О, жагымдуу Теңир! Ушул таң каларлык балдар-Сенин күч-кубаттуулугуңдун
манжаларынын жаратканы жана Сенин Улуулугуңдун ажайып жышаандары. О, Кудай!
Ушул балдарды сакта, алардын билим алышына ак көңүлдүүлүк менен жардам бер жана
аларды дүйнө элине кызмат кылууга ылайык көр. О, Кудай! Ушул боор эт бермет маңызы,
ылайым, алар Сенин назик камкордугуңдун калканычында бөпөлөнгүдөй болсун!

Бахаи келмелери için yorumlar kapalı